super.kg logo

Таякесинин акча алмаштыруучу жайына уурулукка кирген жээни кармалды

 

7-февраль күнү болжол менен саат 4:00дө Байтик баатыр жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайга уурулар киришкен. Алар ал жактын кызматкеринин бутуна сайып, 36 миң АКШ долларын жана 485 миң рубль акчаны алып кетишкен. Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Боромбай, Асылбек жана Жаныбек аттуу балдар кармалды. Муну бүгүн, 16-февралда Октябрь РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Улан Айтбаев SUPER.KG порталына кабарлады.

Анын айтымында, акча алмаштыруучу жайга белгисиз 3 адам кирип, ал жакта иштеген Асылбекти бутуна сайып, 36 миң доллар жана 485 миң рубль акчаны уурдап кетишкен. Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында бутунан жаракат алган Асылбек өзү достору менен бул ишти кылгандыгы белгилүү болду. Алар "инсценировка" кылуу жолу менен таякесинин акча алмаштыруучу жайынан акчаларды уурдап кетишкен. Ошондой эле акчадан сырткары уурулар байкоочу камеранын дискин да алып кетишкен. Кылмыш ишин териштирүүнүн жүрүшүндө жээни баарын айтып берип, акчаларды таякесине кайтарган. Азыркы учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
16.02.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Карышкырга кой кайтарткан экен да...Адамдардын пейили бузулду,,,ою кыска учун ушул ишке барды да....
16.02.2016. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жээн эл болбойт болуптур бул жагы.
16.02.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жээнден жакшылык келбейт баштан өткөн мындай окуя.
16.02.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Душманды алыстан издебе.
16.02.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ууру алыстан келбейт
16.02.2016. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеен келгенче, жети бору келсин деген соз туура го сыягы
16.02.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутун кошуп уурдап кетсе болмок экен)))
16.02.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карышкырга кой кайтарткан, кайран гана тайкеси. Ынсап берсин ар бир пендеге.
17.02.2016. 07:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууруну алыстан издеве
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: