Кара-Балта-Сары-Булак унаажолунда 17 жашар айдоочу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кетти
11-ноябрь күнү 15.30дар чамасында Хонда Сивик унаасынын 17 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткенин Чүй облустук БИИБи билдирди. Кара-Балта-Сары-Булак автожолунда катталган аталган кырсыктан 4 жүргүнчү жана айдоочу катуу жаракаттар менен ооруканага жаткырылды. Унаа эмне болуп оодарылып кеткендиги тууралуу учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2025-06-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.