Талас. Казакстандан аткезчилик жолу менен өлкө аймагына 204 тонна ун киргизүүгө аракет кылгандар кармалышты





16-февралда Таласта аткезчилик жолу менен Казакстандын аймагынан өлкө аймагына 204 тонна ун өткөрүүгө аракет кылган кыргыз жарандары колго түшүштү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алар товарды вагондорго салып, “Маймак” темир жол станциясына түшүрүшкөн. Аталган жай өткөрүү пункту болуп эсептелинбейт жана товар түшүрүүгө тыюу салынат. Талас облусунун чек ара отрядынын өкүлдөрү товарлар түшүрүлүп жатканда үстүнөн чыгышкан. Ун орто эсеп менен 4 миллион 800 миң сом болушу мүмкүн.
Тиешелүү документтер толтурулуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Zubi91

17.02.2016. 09:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай кантрабанда жолу менен канчалаган товарлар отуп жататар ким оз чонтогуно иштеп жатат
Baymat

17.02.2016. 09:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салыгын алып унду оз ээсине кайтарып беруусу зарыл булда болсо элди ун менен камсыздап жатпайбы бизде ушундайлар тажатты озу алып келе албайт алып келгендерди коро калат кыйынсынбы сенда алып кел деген адам жок башкалардан айырмаланып элдер алып чыгып чачып жатса бул кайра алып кирип жатат пайдасында коргону жакшы
more22

18.02.2016. 12:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар дагы бир чиновниктин бизнесине тоскоолдук кылдыда чиновниктер оздору гана алып кирип каалаган баасын коюп сатыш керекда . Киргенди эле кармайсынар чыгып аткан куйуучу майларды качан кармайсынар? Ошонуда бир карапайым эл чыгарса кармайт эленер азыр чыгып аткан куйуучу майларды кармай албайсынар себеби аны ойдодо олтургандар чыгарып жатат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.