Баткенде чек араны бузган Тажикстандын 3 жараны кармалды
Кечээ, 16-февралда Лейлектеги “Кулунду” чек ара тозотунун кызматкерлери чек араны бузган Тажикстандын 3 жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Кармалган жарандардын жанында эч кандай документтер болгон эмес. Тажик жарандарынын айтымында, буга чейин алар кыргыз жарандын үйүндө жалданып иштеп келишкен. Кыргыз Республикасынын Административдик кодексине ылайык, кармалгандарга акчалай айып пул салынган. Тиешелүү документтер толтурулуп, алар өлкөнүн аймагынан чыгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.