super.kg logo

Бишкекте 14-февралда өрттүн исине ууланып каза болгон аялдын үйүнөн 4-5 тонна таштанды чыкты. Ал таштандыларды бир топ жылдан бери жыйнап жүргөн (фото)

 
Бул коридор толо таштанды болчу.
Өрт ашкана бөлмөсүнөн чыккан.
Өрт ашкана бөлмөсүнөн чыккан.
Калган 2 бөлмөсү да таштандылардан бошотулууда.
Таштандылар каптарга салынып чыгарылууда.

Бишкекте 14-февралда өрттүн исине ууланып каза болгон 65 жаштагы аялдын үйүнөн 4-5 тонна таштанды чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси Турсунбек Ишекеев билдирди.

"3 күндөн бери таштандыларды жыйнап жатабыз, 5-6 унаа таштанды чыгардык. Бүгүн түштөн кийин дагы кошумча унаалар берилсе, баарын чыгарып кетүү оюбуз бар. Бул 2 бөлмөлүү үй таштандыга толуп калган экен, болжол менен 4-5 тонна",- деди Турсунбек Ишекеев.

Кошуналарынын айтымында, маркум үйүнө көчөдөн көрүнгөн нерселерди алып келе берип, үйү толуп, таштандылардын үстүнөн жөрмөлөп жүрчү экен. Ошондой эле ал үйүндө ити менен жашаганы маалым болду. Таштандылар жыйналган соң үй кимге калары учурда белгисиз. Турсунбек Ишекеевдин айтканы боюнча, маркумдун туугандары, жакындары изделип жатат.

Үйдөн чыгарылган таштандылардын арасынан 30-40 жыл мурунку оокат, кийимдерди көрүүгө болот. Психология боюнча бул оору Плюшкин синдрому деп аталат. Плюшкин синдрому - бөлмөлөрдү колдонууга мүмкүн болбой калгыча пайдаланылбаган буюмдарды чогултуу боюнча жүрүм-турумдун бир түрү.

"Мындай учурлар Плюшкин синдромунан тышкары карылыктан да болот. Маркум 65 жашта болсо, карылыгынан жана жалгыздыгынан көчөдөн таштандыларды чогултуп келе берген. Кээ бир адамдарга карылык 30 жашында эле келип калышы мүмкүн. Анда сөөктөрү ичкерип, кан басымы жогорулап, акылы тайкы болуп, жүрүм-туруму өзгөрүлүп, көчөдөн таштандыларды үйүнө чогулта башташат. Кээ бири эс-учун да жоготуп, үйүн билбей, көчөлөп калышат. Андай жалгыз адамдар карылар үйүнө катталып, тиешелүү адистердин же жакындарынын көзөмөлүндө болушу зарыл. Дарыгерлер жашын кайтарбаса да, карылыктын кечирээк келишине аракет көрүлөт",- дейт Республикалык психологиялык борбордун дарылоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кубанычбек Эрмегалиев.

Ошондой эле психиатр кыргыз өлкөсүндө ички миграция күч алгандыктан, мындай ооруга чалдыккандардын саны көп экенин кошумчалады.

Өрт ашкана бөлмөсүнөн чыккан. Маркум таштандылардан чыга албай, ууланып каза болгону болжолдонууда.






Бишкекте өрттүн исине ууланып каза болгон аялдын үйүнөн 4-5 тонна таштанды чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(19)
17.02.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шок болдум коруп
17.02.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мына сана,туугандарын тапасанар темир акеге бергиле таштандысы мн камсыздандырып алат
17.02.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Мусорду уйго жыйган адамды эми кордум палит жашайт экенда жакшылап коруш керек пит сирке чыкса керек
17.02.2016. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ай-ии ушунча жылдан бери мусор ташып келип журсо,кошуналары кызыгып,эмне болуп жатат деп, социалдык камсыздандыруу болумуно,участковый милиционерге,участковый врачка билдирип коюшпайбы?Кошуналарынын уйу да тараканга толуп кетсе керек?Менин оюмча бул адам кыргыз улутунан эмес окшойт.Чогуу алдындагы ,устундогу ,напротив жашаган соседдердин кайдыгерсиздигинен болуп жатат .Эмне бири биринин уйлоруно киришишпейби? Домком деген неме кайда? деги эмне дешимди да билбей атам, кап жаман иш болуптур!
alina79 түзөттү 2016-02-17 15:28:58
17.02.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул орус улутунда болсо кк,ош шаарында юго-востокто жашаса кк ,биз студент маалда дагын ушинтип жыят эле кошуна участковый баары жадап буткон,уйуно кирбей эшикте калган мусорлорун коруп сыртта жатчу эле,эгер ошол кемпир болсо
17.02.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sarbo,Ошто эмес Бишкекте болгон
17.02.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошто дагын ушундай кемпир бар
17.02.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
таштанды жйначуу "оруу" менен оруп калган окшойт... тобоо тобоо (Кудай сактасын)
17.02.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда да ушундай бар экен да э
17.02.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто жок мындайлар
17.02.2016. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздоруно керектуу нерселерди издеп журот го,таштанды жыйноочулар...Кээ бир буюмдары кереги тийиши мумкун...
17.02.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии ушунчалык мусорду чогултуп алып каягына жатып кантип тамак ичип атты экен.Эми бул дагы оору турбайбы
17.02.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пусть говоряттагы аялдай болгон экен да
17.02.2016. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америкада мындай адамдар коп катталарын теледен коруп журдум хле корсо бизде деле ьар тура
18.02.2016. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмушго ушунча таштанды жыйып эмне кылат экен уйуну чондор илип кетпегидей эле
Медиа-портал
18.02.2016. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bul ooru Messi dep atalat,myndai menen duinodogu en taza nemis ulutundagylar dele oorup kalat, bul nersege tan kalyp kerek emes bul ooru ushundai.
18.02.2016. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да оз козум менен коргом, кошуна кемпир ушинтип эле ташый берчу, биздин тушубузда жашачу, аябай жагымсыз жыт подьездге чыгып турчу. Биз ыргыткан кийимдерибизди да алып кирип алыптыр жада калса, аларды кийин олгондо уйун тазалашканы келгенде, таштандыларды чыгарганда коруп тан калганбыз. Ошентип, буткул Новогиреево тазалангандай болгонбуз.
18.02.2016. 07:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болгондода домдо жашайт турбайбы э
18.02.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын,чын бул да оору,мен да бир кишини коргом огороддунда мусор топтогон,карасан керексиз эле сынган буюмдар жатат.(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: