Баткен. Облустагы 30630 аскер бөлүгүнүн 4 жылдыгы белгиленди
20-мартта Баткен облусундагы 30630 аскер бөлүгүнүн 4 жылдыгы белгиленип, ага өкмөттүн аталган облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Карамат Орозова катышты. Мындан сырткары иш-чарада Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков, Баткен ОИИБинин башчысы Анарбай Алимбеков да болду. Мааракенин алкагында аталган аскер бөлүгүнүн жоокерлери аскердик уруш ыкмаларын көрсөтүштү жана чакан концерттик программа тартууланып, футбол, волейбол оюндары болду. Соңунда аскер бөлүктүн мыкты кызматкерлерине мактоо баракчалары жана белектер ыйгарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

