super.kg logo

Өкмөт "Кумтөрдүн" мөңгүлөргө тийгизген таасирин текшерди

 

Өкмөт "Кумтөрдүн" мөңгүлөргө тийгизген таасирин текшерди. Мекемеден билдиришкендей, "Кумтөр" концессия аймагында мөңгүлөрдүн абалын мүмкүн болушунча объективдүү чагылдыруу максатында илимий-техникалык топтун (ИТТ) ишине Москва мамлекеттик университетинен Поповнин В.М. баштаган кошумча көз карандысыз эксперттер тартылган. "Кумтөр" аймагындагы мөңгүлөрдүн абалын башка репрезентативдик мөңгүлөрдүн анализине салыштыруу үчүн Женева жана Цюрих университеттеринин окумуштууларынын маалыматтары колдонулду. Мөңгүдөн сарыгып түшкөн тоо-кен өндүрүшүнүн калдыктары аркылуу өткөн суулардын сапатын аныктоого "Кумтөр" компаниясынын лабораториялары менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттик биргеликте беш жерден анализге суу алды.

2015-жылдын 7-июлунан 15-сентябрына чейин визуалдык изилдөөнүн, кен жетекчилиги берген материалдарды, илимий уюмдардын отчётторун жана буга чейинки байкоолордун материалдары менен математикалык моделдөөлөрүн изилдөөнүн негизинде ИТТ төмөнкү жыйынтыктарга келгени айтылды:

- Сары-Төр мөңгүсү менен КРнын аймагындагы башка бассейндердеги мөңгүлөрдүн - Кара-Баткак (Чоң-Кызыл-Суу дарыясы, Ысык-Көл бассейни), Голубин (Ала-Арча дарыясы, Чүй бассейни) жана башка репердик (антропогендик ишмердүүлүккө тушукпаган) массасынын балансын салыштыруу анализи көрсөткөндөй, бул мөңгүлөрдүн массалык балансы азайган, мөңгүлөр деградацияланууда: майда бөлүктөргө ажырап, ал эми кичирээктери жок болууда. Мындан улам КРдагы мөңгүлөрдүн азаюу жана деградациясынын башкы себеби климаттык фактор, тактап айтканда, глобалдык жылуулануудан улам дүйнөлүк температуранын жогорулашы деп эсептөөгө негиз берет.

- Кыргыз жериндеги бардык жана "Кумтөр" кени иштетилген аймактагы мөңгүлөрдүн деградациялоо процесси Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан. Ошондуктан тоңдуктун бүлүнүүсү ондогон жана жүздөгөн жылдардагы узак убакытка созуларын күтсөк болот.

- Бийик тоодогу "Кумтөр" кенин иштетүүдөгү уникалдуу тажрыйбаны эске алуу менен ИТТ бийик тоолуу пайдалуу кен концессия аймагында тоо өндүрүшүндө экологиялык, климаттык жана техногендик коопсуздук боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга, геологиялык, гидрологиялык, климаттык, атмосфералык кубулуштарды байкоо боюнча комплекстүү Илимий-техникалык борбор түзүүнү сунуштайт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
17.02.2016. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Баарын талкалап буткондон кийинби
17.02.2016. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул жерде монгулор глобалдык процесстер учун ээрип атканы далилдендиго? сууну дагы сатабыз деп башташты, андай болсо озбек казактарга деле сатышсын! озубуздун ишканабызга сатып анан сырттагыларга сатпайбызбы?
18.02.2016. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
силер кумтор менен жаны келишим тузобуз, текшеруулор журуп жатат,суйлошуулор болуп атат дегенинерче алар алтындын баарын казып кетишет.
18.02.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aviator,алтынды алар оз чонтокторуно салып алып кетеби? биринчиден аффинаждык заводко алып барылат ал жерден кийин кыргыз алтын алып анан дуйнолук биржадан сатат, алтынды чыгарат деп баякы акаев жонундо жомокторду элестетип аткан болушунар керек
18.02.2016. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaazira13,озу эреже боюнча сен айткандай болуш керек. бирок ал азыр жомок.
23.02.2016. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
популисттердин кыйкыргандары жомок, экономикабыз жаардан учуп кетпегени тоокен тармагынын туруктуу иши
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: