Бишкекте 300 доллар үчүн батир ээсин өлтүрүп, денесин талаага ыргытып жиберген жаран кармалды
Бишкекте батир акысын төлөй албай калган 26 жаштагы жаран үй ээсин өлтүрүп, денесин талаага ыргытып жиберген. Өзгөчө оор кылмыштын бети 20 күндөн кийин ачылганын бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. 300 доллар батир акысы үчүн 1982-жылы туулган Тахмина аттуу жаранды өлтүргөн адам Талас облусунун тургуну. 2016-жылдын 28-январында саат 09:00 чамасында үй ээси менен жолугушуп, өлтүргөндөн кийин денесин Сокулук районундагы каналдардын биринин жанына камыштын арасына таштап кеткенин айтып берген.
Кылмышка шектүү 1-февралдан бери изделип жаткан, бүгүн Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

Рейтинг:
2

Жазасын алсын!
УЛАМЫШТАР
Түрк элдери бөрүдөн тараганбы?
Кытайдын 6-кылымга таандык жазмаларында сакталып калган уламышка таянсак, анда түрк эли карышкырдан таралганы айтылат.
Хуннулардын (Борбор Азияны мекендеген түрк элдеринин түпкү теги) Ашина уруусу саз жээктеп жашап турат. Күндөрдүн биринде коңшу уруу Ашина уруусун басып алып, андагы элдин баарын өлтүрөт. Ошончо кыргындан 10 жашар бала гана аман калат. Анын да колу-бу