super.kg logo
  Спорт  

Машыктыруучу Зинедин Зидан "Реал" футболдук клубу менен Еврокубоктордогу алгачкы жеңишине жетишти

 

17-февралда Европадагы ири футболдук мелдеш - Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында 2 оюн болду. Анда конокто ойногон командалар жеңүүчү аталышты. Бул күнү "Реалдын" машыктыруучусу Зинедин Зидан машыктыруучу катары Евролигалардагы алгачкы жеңишине жетишти.

"РОМА" (Италия) - "РЕАЛ" (Испания) - 0:2

Голдор: Криштиану Роналду (57мүнөттө), Хесе (86-мүнөттө).

Беттеште "Реал" болгон күчүн сарптады деп айтуу кыйын. Ошентсе да "Рома" падышалык клубга тең ата ойной алган жок. Үй ээлери коргонууда мыкты ойноо аракетин көрүштү. Мадриддиктер алгачкы 45 мүнөттүктө эсепке өзгөртүү киргизе алышкан жок. Оюндун экинчи жарымында гана эсеп ачылып, "Реал" моралдык жактан оюндун калган бөлүгүндө ишенимдүү ойноду.

Командалардын ортосунда жооптук оюн 8-мартка белгиленген. Азырынча "Реал" кийинки баскычка чыкты деп так кесе айтууга эрте. Ошол күнү кийинки баскычтын жолдомосунун ээси аныкталат.

Мыкты оюнчу: КРИШТИАНУ РОНАЛДУ

Мадриддиктердин лидерлеринин бири Криштиану Роналду быйылкы сезондо Чемпиондор Лигасында киргизген голдорунун санын 12ге жеткирип, учурда бомбардир катары алдыда турат. Футболчу бул оюнда да өзүн мыкты көрсөтүп, оюн эсебин ачты. Албетте, Чемпиондор Лигасынын бул баскычында конокто эсепти ачуу, командага ишеним берүү Роналдуну "Мыкты оюнчу" атоого түрткү болот.

"ГЕНТ" (Бельгия) - "ВОЛЬФСБУРГ" (Германия) - 2:3

Голдор: Юлиан Дракслер (44-мүнөттө), Юлиан Дракслер (54-мүнөттө), Макс Крузе (60-мүнөттө) - Свен Кумс (80-мүнөттө), Калифа Кулибали (89-мүнөттө).

"Вольфсбург" бул жеңиши менен Европада жаңылык жаратып жатат. Германиялык клуб тайпалык баскычта "Манчестер Юнайтедди" мелдештен четтетүүгө салым кошкон. Эми болсо конокто жеңишке жетишип, чейрек финалга чыкканга чоң мүмкүнчүлүк алды. Беттеште коноктор 1-таймдын 44-мүнөтүндө гол жаратып, кийим которуучу жайга көңүлдүү жөнөштү. Мунун артынан алар 2-таймда катары менен 2 гол жаратышты. Үй ээлери экинчи таймда оюнга оңой катышты деп айтуу кыйын. "Генттин" оюнчуларына ийгилик 80-мүнөттө гана жүзүн көрсөтүп, оюн аяктаарына 10 мүнөт калганда гол жаратышты. Кийинки гол акыркы мүнөттө киргизилди.

Командалар 8-мартта Германияда беттешишет.

Мыкты оюнчу: ЮЛИАН ДРАКСЛЕР

Дракслер оюнда жогорку чеберчиликтеги эки голду жаратып, командасын эсеп катыштыгында алдыга сууруп чыкты. Муну менен чектелбей атаандаштын жүрөк үшүн алып турду. Анын чабуул уюштуруудагы жөндөмү, топту дарбазага багыттоодогу чеберчилигин эске алсак, аны "Мыкты оюнчу" деп атоо жөндүү болсо керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
18.02.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал кийин баскычка чыгат, себеби эми өз үйүндө ойнойт конокто жеңишке жеткен реал өз үйүндө утулбаса керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: