Мектеп окуучулары үчүн Бишкек ШИИББи экскурсия уюштурду
20-март күнү Бишкек ШИИБи тарабынан шаардагы мектеп окуучулары үчүн экскурсия уюштурганын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын максаты - мектеп окуучулары менен милициянын байланышын жакшыртуу жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун санын азайтуу болуп саналат. Экскурсияга 62 өспүрүм жана 4 мугалим катышып, алар ШИИБинин Ыкчам чара көрүү борбору, “102” кызматы, эксперттик-криминалисттик бөлүм, коомдук коопсуздук бөлүмү, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн иштери менен таанышышты.
Автор: Ширин Турдакунова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















