super.kg logo

Жалал-Абадда мал уурдоочулар топтору кармалды

 

Жалал-Абад облусунда мал уурдоочуларды кармоо максатында "Бродяга" аталышындагы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, 2015-жылдын 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү белгисиз адамдар жергиликтүү тургундун үйүнүн короосунан үч баш коюн уурдап кетишкен. Окуядан бир жума өткөндөн кийин, 14-сентябрь күнү ошол эле айылдагы дагы бир үйдүн короосунан бир баш кочкор уурдалган. Андан кийин 18-сентябрга караган түнү Сузак районунун Орто-Азия айылынын Эгембердиев көчөсүнүн 7-үйүнүн короосунан бир баш кочкорун уурдап кетишкен.

"Натыйжада жабырлануучуларга жалпы 43 миң сомдук зыян келтирилген. Аталган факт боюнча "мал уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, “Бродяга” рейдинин жүрүшүндө облустук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында мал уурулук менен алектенип жүргөн топ 11-12-февраль күндөрү кармалган. Алар Сузак районунун Лавдан-Кара айылынын 2 жараны (Ш.Б., К.Н) жана Орто-Азия айылынын тургуну (Ж.А.) экендиги аныкталды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө",- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Жалал-Абад ОИИБине 6-февраль күнү Токтогул районунун Кара-Суу айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 1-февралга караган түнү үйүнүн короосунан беш баш коюн белгисиз адамдар уурдап кетишкенин жазып, натыйжада 25 миң сомдук зыянга учураганын билдирген.

"Токтогул районунун милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө аракетинин негизинде “Бродяга” рейдинин жүрүшүндө мурда болгон кылмыштын бетин ачуу үчүн кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан 1994-жылы туулган Ак-Тектир айылынын жана Токтогул шаарынын эки тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат",- деп билдирет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: