Бишкек шаарынын 7-кичирайонунда өспүрүмдүн ноутбугун тартып алгысы келгендер кармалды
23-октябрда саат 21:50дө 18-20 жаштардагы 3 жигит Бишкек шаарынын 7-кичирайонунда 17 жаштагы өспүрүмдү күч колдонуп тоноого аракет кылышкан. Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, алар өспүрүмдүн акчасын жана баасы 500 доллар турган ноутбугун тартып алгылары келишкен. Бишкек ШИИБинин кылмыш иликтөө башкармалыгынын оперкызматкерлери кылмыштын изи сууй электе бул кылмышка шектүүлөрдү кармашты. Учурда кылмышка шектелип кармалгандар: 17 жаштагы К.Ш., 18 жаштагы Н.С. жана 18 жаштагы Д.Анын үстүнөн иликтөө иштери жүрүп жатат.
Автор: Эльвира Караева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.