Кытайда 6 жыл мурун баңгизат менен кармалган кыргыз жараны өлүм жазасына тартылды
Кытайда 7 килограммдан ашуун баңгизат менен 2010-жылы кармалган Светлана Кулбаева соттун чечими менен 4-февраль күнү инъекция жолу аркылуу өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына тийиштүү министрликтен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынан Кытайга учкан аял 2010-жылдын 6-ноябрында Үрүмчү шаарындагы аэропорттон сумкасындагы баңгизат менен кармалган. Кулбаеванын иши боюнча бир нече соттук отурумдар болуп, акыркы Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Жогорку элдик соту биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.
С.Кулбаеванын сөөгү жакынкы убакыт аралыгында кыргыз жерине алынып келинмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

Рейтинг:
0

Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!