super.kg logo
  Спорт  

Өлкө чемпиондугунда өткөн сезондогу эң көп күйөрман чогулган беттеш "Алай"–"Дордой" беттеши болду, анда стадионго 5 миң күйөрман келген

 

Бүгүн, 18-февралда Кыргыз Республикасынын Футболдук Лигасы 2015-жылкы өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын урунттуу учурларынан айрым маалыматтарды жарыялады.

Маалыматка таянсак, ТОП-Лигада өткөн сезондо эң көп күйөрман чогулткан беттеш "Алай"–"Дордой" беттеши болгон. Анда Оштогу А.Сүйүнбаев атындагы стадионго 5 миң күйөрман келген. Оюнда 3:3 эсебиндеги тең чыгуу катталган. Бул оюн өлкө чемпионунун аныкталуусунда тиешелүү ролду ойногон.

Кошумчалай кетсек, ТОП-Лиганын оюндарына кирүү акысыз болгонуна карабай күйөрмандар өтө аз санда келет. Бул жергиликтүү футболдун негизги көйгөйлөрүнүн бири десек болот.

ТОП-Лиганын оюндары менен улуттук кураманын Бишкекте өткөргөн оюндарын салыштыруу мүмкүн эмес. Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда улуттук курам Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн жылы 4 оюн өткөрдү. Австралияга каршы беттеште жалпысынан 18 миң күйөрман келсе, Тажикстанга каршы беттешке 17 600 күйөрман жандуу күбө болгон. Ал эми Иордания курамасына каршы беттешти көрүүгө 14 миң күйөрман келсе, Бангладешке каршы оюнда эң аз - 12 миң күйөрман келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.02.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми кобойот кобундоо кызыгуу жарала баштады!!!
18.02.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Европада ойноп жургон оюнчулардан бирок жарымды сатып калса анан келе баштаса керек куйормандар
18.02.2016. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eldiyarmacho,жакшы ойногон ойунчулар ды сатттып жатат озубуз до алып калбай , чет олколуктор го жил болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: