super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Нарын шаарына жаңы базар ачылды

 
Бүгүн, 21-мартта Нарын шаарынын борбордук базарынын аймагына жаңы курулган Он-Арча базарынын ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Аталган базар жеке ишкер Кылыч Эсеналиевдин демилгеси менен курулуп, 140 орунга ылайыкталган. Маалыматка ылайык, курулуш иштерине 25 миллион сом жумшалган. Базардын салтанаттуу ачылышына облус жетекчиси Канатбек Муратбеков, шаар мэри Баатырбек Жээналиев, шаардык кеңештин депутаттары катышып, шаар тургундарына жакшы шарт түзүп берген демилгечилерге ыраазычылык билдиришти. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: