super.kg logo
  Спорт  

ТОП-Лига-2015: "Кейжи Юнайтеддин" дарбазасына 4 футболчу 1 оюнда үчтөн гол киргизген (тизме)

 

Кечээ, 18-февралда Кыргыз Республикасынын Футболдук Лигасы футбол боюнча 2015-жылкы өлкө чемпиондугунун (ТОП-Лига) жыйынтыгын чыгарып, статистикаларын жарыялады. Статистикага үңүлүп, 2015-жылы катталган урунттуу учурларга токтолууну туура көрдүк.

ТОП-Лигада өткөн сезондогу эң начар көрсөткүчтөр "Кейжи Юнайтед" командасына таандык. Команда 20 оюнда 1 ирет жеңишке жетишип, 1 ирет атаандашы менен тең эсепте ойногон. Калган 18 оюнда алар жеңилүү ызасын тартышкан. 20 оюнда бул команда атаандаштардын дарбазасына болгону 15 гол киргизип, өз дарбазасына 82 гол өткөргөн.

"Кейжи Юнайтед" ири клубдардын чабуулчуларынын "сүйүктүү" командасына айланып, бомбардирлер ушул командага көп сандагы голдорду киргизишкен. Бул командага өткөн сезондо покер (1 оюнда киргизилген 4 гол) кылган жалгыз оюнчу бар. Ал - "Алайдын" чабуулчусу Алиа Силла (оюн 7:2 эсебинде аяктап, анда 4 голду Силла киргизген).

1 оюнда "Кейжи Юнайтеддин" дарбазасына үчтөн гол (хэт-рик) киргизген футболчулар:

Мирлан Мурзаев - "Дордой" – "Кейжи Юнайтед" - 5:2 (23-май); "Кейжи Юнайтед" - "Дордой" 1:6 (10-май)

Мирбек Ахматалиев - "Алга" – "Кейжи Юнайтед" - 5:1 (23.09.2015)

Кайрат Жыргалбек уулу - "Кейжи Юнайтед" - "Дордой" - 1:8 (18-октябрь)

Азиз Сыдыков - "Кейжи Юнайтед" – "Дордой" - 1:8 (18-октябрь)

Мындан тышкары Мирлан Мурзаев 7:1 эсебинде аяктаган "Дордой" – "Ала-Тоо" беттешинде 3 гол жараткан (20-май). Ошондой эле "Ала-Тоонун" дарбазасына 9-июнда орун алган беттеште "Алайдын" чабуулчусу Алиа Силла 3 гол киргизген (беттеш 1:3 эсебинде аяктаган).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.02.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат макала туура. Бир каманданы же бир адамды шылдындоо эмес, жаман болсо да пиар. Айылдарда биздин футболдук камандаларды таанышпайт, таанып күйөрман болуш үчүн жакшы жаман болсо да пиар керек. Ар бир облустун борборлорунан бир ден каманда түзүлсө жакшы болмок, түзөм деген ишканаларга жардам бериш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: