Темир Сариев Нарын жана Ысык-Көл облустарынын кыштоолорун кыдырат
Бүгүн, 19-февралда премьер-министр Темир Сариевдин Нарын жана Ысык-Көл облустарына эки күндүк иш сапары башталды. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, Сариев сапардын алкагында Нарын районунун Кара-Жылга, Тоң районундагы Арчалуу, Кара-Саз кыштоолоруна барып, малчылардын жашоо-турмушу менен таанышып, жолугушуу өткөрөт. Ошондой эле Тоң районундагы балык өстүрүүчү завод жана башка айыл чарба ишканаларынын иши менен таанышат.
Сапардын экинчи күнү Балыкчы шаарындагы аскердик-оперативдик окууларга катышмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















