super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 
Бүгүн, 21-мартта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. "Урматтуу мекендештер! Сиздерди жаратылыштын жаңылануусун жар салган Чыгыш элинин жаңы жылы болгон Нооруз майрамы менен ак дилимден куттуктайм! Нооруз адамзатка жаңылануу жана жакшылык тартуулаган майрам. Нооруз – кылымдардан бери сакталып келе жаткан бүткүл элдик майрам. Биздин күндөрдө болсо, Нооруз мамлекеттик майрам катары белгиленет. Улустун улуу Күнү деп аталган бул байыркы майрам биздин ата-бабаларыбыздан калган көөнөргүс руханий мурас катары бизге дайыма алардын акылман осуяттарын, адамгерчилик жана айкөлдүк, боорукердик жана жоомарттык сыяктуу жалпы адамзаттык жана түбөлүктүү баалуулуктарды эсибизге салып турат",- деп башталат куттуктоо. Өкмөт башчы бул майрамда жакшылыктарды тилек кылуу керектигин белгилеп, кыргыз элине бекем ден соолук, бакыт, жаркын маанай, бейпилдик жана токчулук каалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: