Кытайда өлүм жазасына тартылган кыргыз жаранынын сөөгү алынып келет
Кытайда баңгизат менен кармалып, өлүм жазасына тартылган кыргыз жараны Светлана Кулбаеванын сөөгүн мекенине алып келүү аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 19-февралда тийиштүү министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Үрүмчү шаарына каттаган аба каттамдары менен анын сөөгүн алып келүү үчүн сүйлөшүүлөр болуп жатат.
Айта кетсек, Ош шаарынан Кытайга учкан аял 2010-жылдын 6-ноябрында Үрүмчү шаарындагы аэропорттон сумкасындагы 7 килограммдан ашуун баңгизат менен кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Болгону карапайым элге гана иштегени өкүнүчтүү.