Баткен. Өрүкзарлуу Баткен аймагы Ноорузду мыкты деңгээлде майрамдады






















Бүгүн, 21-мартта Баткен шаарынын борбордук аянтында облус жетекчиси Жеңиш Разаков жергиликтүү тургундарды Нооруз майрамы менен куттуктап, салтанатты ачып берди. Шаардагы мекеме, ишканалардын өкүлдөрү аянтта жүрүш жасашты. Андан соң аластоо ырымы жасалып, театралдаштырылган оюн-зоок программасынын алкагында майрамдын катышуучуларына сүмөлөк таратылды. Обончу, аткаруучу Апаз Жайнаков, куудул Кубик Калыков, эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы жергиликтүү ырчы, бийчилер Баткен элине майрамдык маанай тартуулашты. Ал эми майрамдын кийинки бөлүгү спорттук оюндар менен улантылмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
12

Комментарийлер(2)
KG_URPAGI

21.03.2013. 17:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Батен аймагы да соонун майрамдашыптыр, эмгекчил элдин аракетине береке берсин!
shustro_bystro

22.03.2013. 12:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар,соонун майрам болуптур!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.