super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ноокат районунун Ынтымак айылында почтачы пенсияны жана жөлөк пулду өз убагында таратары айтылды

 

Бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Досмухамбет Райимбердиев байланышып, буга чейин "Элдик кабарга" чыккан макала боюнча төмөнкүлөрдү айтты:

Ынтымак айыл өкмөтүнүн почта кызматкери жөнүндө мага ушул күнгө чейин жарандардан эч кандай кайрылуу келип түшкөн эмес. Почта кызматкерин ушул макала менен таанышкандан кийин чакырып сүйлөшкөнүмдө согуштун жана эмгектин ардагерлеринин үйлөрүнө пенсияларын алып барып берерин билдирди. Убагында ошол жердеги пенсия, пособие алуучулар өздөрү “ушул жерден бересиң” деп айтышкандыктан, айылдарда таркатууга туура келерин айтты. Мындан ары согуштун жана эмгектин ардагерлеринен жана социалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан башкасына почта кызматкери айыл өкмөтүндөгү почта бөлүмүнүн кеңсесинде бериши керектиги эскертилди. Ал эми “2-3 айлап жөлөк пулдарды бербейт” деген доо боюнча айына келгени айына таркатыларын мага маалымдады. Почта кызматкеринин иши көзөмөлдөнүп турарын эскерттим”,- деди айыл башчысы.

Эскерте кетсек, 17-февралда "Ноокат районунун Ынтымак айылында почтачы элдин пенсиясы менен жөлөк пулун 2-3 айлап кечиктирип таратат жана акчаны айыл өкмөтүндө эмес, жөнөкөй эле тургундун үйүндө отуруп берет" деп окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кайрылган эле.






Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүндө пенсия жана жөлөкпул кандай таратылат?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
20.02.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ынтымак айылында почтодо иштешен аке алты торт айдан бери пособияларды бербейт озуно караштууга беретт калгандарга куткуло деп кубалап чыгат уйунон досмухаммед креслодо отуруп еле суйлоп койуптур
21.02.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dilnur,видео материал даярда.
20.02.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол еле ынтымак айыл окмотуно караштуу Бешбурхан айылында дагы ушул еле корунуш уйундо пособия пенсия берет пенсиялар оз убагында берип пособиелер кармап калат сурасан келбеди дейт
20.02.2016. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арыз жазгылада окмотко,эл эч качан акчасын 2,3айлап таштап койбойт.
21.02.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
okmot korup bilip turup anday emes dep aytyptyr kimge jazasyn.taanywtary kop rayondo dele oblasta dele.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: