Бишкектен 11 каракчылык фактысына шектелип 4 адам кармалды
Бишкектен "11 каракчылык фактысына тийиштиги бар" делип 4 адам кармалды. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2016-жылдын 25-январында белгисиз 4 адам Гоголь көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринин ээсин тапанча менен коркутуп, 20 миң сомун алып кеткен факт катталган. 18-февраль күнү бул кылмышка шектүү катары Ош облусунун тургундары 19 жаштагы И.Б., 18 жаштагы У.А., 19 жаштагы К.А. жана Казакстандын 18 жаштагы Н.Б. аттуу жараны кармалган. Кармалгандар буга окшогон бир катар кылмыштарга тийиштиги бар экенин моюндарына алышты.
Алардын өздүк буюмдарын текшерүүдө кара түстөгү эки оюнчук тапанча, эки медициналык бет кап, кол кап жана темир союл табылган. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Makain

21.02.2016. 00:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соттош керек буларды
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.