Ош. Ошто көк бөрү оюнунун жеңүүчүлөрү аныкталды
Бүгүн, 21-мартта Ош шаардык ат майданында 3 күн мурда башталган көк бөрү оюнунун финалдык таймашы болду. Ага өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев,
Ош облусунун жетекчиси Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү катышты. Мелдеште 1-орунду Ош облусунун улакчылары ээлешсе, 2-орунду Баткен, 3-орунду Жалал-Абад облусунан келген көк бөрүчүлөр алышты. Жеңүүчүлөр акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чаранын алкагында кыз куумай, эр эңиш, кунан чабыш, жорго салыш оюндары да орун алды.
Автор: Уулбү Каныбекова
Фото: Уулбү Каныбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
6
6

Супер-Инфо
super.kg видео

















Тилекке каршы видеосу жок...