super.kg logo

Кытайда 55 жаштагы психикалык жактан жабыркаган киши 10 жыл ичинде 7 кабаттуу мунара курду (фото)

 
Ху Гуанчжоу
Анимедеги үй

Кытайда 55 жаштагы психикалык жактан жабыркаган киши 10 жыл ичинде 7 кабаттуу мунара курган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Шаньдун провинциясынын жашоочусу Ху Гуанчжоу бул мунараны өзүнүн эки агасы үчүн тургузган. Тилекке каршы, алар акыркы 10 жыл аралыгында каза болуп калышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Хуга бир нече ирет агалары тирүү эместигин айтышкан, бирок улгайып калган куруучу аларга ишенген эмес.

Ху Гуанчжоу өзүнүн 7 кабаттуу мунарасын чоподон, таштардан жана тапкан курулуш материалдарынан курган. Бул курулуштун коопсуздугу суроо жаратканы менен, бийлик өкүлдөрү аны сүрдүрүп салууга колдору барбай турганы белгилүү. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул курулушту белгилүү анимедеги үйгө окшоштурушкан.

Аталган кишини социалдык кызматкерлер карылар үйүнө жаткырууга аракет жасашкан, бирок ал баш ийбей койгон. Учурда Ху Гуанчжоу мамлекет тарабынан жөлөк пул алат жана жакын жайгашкан дүкөн ага ысык таттуу нанды бекер берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
22.02.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
мм. психикалык жактан жабыркабаганда, мындан жакшысын тургузмак экен да.
22.02.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мындай адамдар дайым образда жургондуктон елдер аны келесоо деп ойлошот аны тушунууго аракет кылышбайт
22.02.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне деген эмгек бош болсом барып бир кун жардам бермекмин
22.02.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эми озу жашаса болот 7 кабатту уйдо
22.02.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жер титиресе болду!
22.02.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
10 жыл коп емеспи )бул уй емес таги мал кана усту тоо канаго )муну 10 жылда емес 1 аптада бутурсо болот)
22.02.2016. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
rustamov.com,психикалык жактан жабыркаган адам куруп жатканы жазылып турат. Дивандын эксперти болбой , башканын мээнетин баалай билиш керек.
22.02.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлик өкүлдөрү сүрдүрүп салуудан ичи ачышып жатса, ичине темирден каркас орнотуп чыксын. Жаратылыш кубулуштарына туруштук бере тургандай кылып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: