Кытайда өлүм жазасына тартылган аялдын сөөгү кыргыз жерине алынып келип, уулуна өткөрүлүп берилди
Кытайда маңзат менен кармалып өлүм жазасына тартылган аялдын сөөгү мекенине алынып келинип, уулуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда SUPER.KG порталына тийиштүү министрликтен маалымдашты.
Өлүм жазасына 4-февралда тартылган С.Кулбаеванын сөөгү 20-февраль күнү кечинде Үрүмчү-Бишкек аба каттамы аркылуу алынып келген. Анын сөөгүн "Манас" аэропортунан уулу жана жакын туугандары алып кетишти.
Айта кетсек, Ош шаарынан Кытайга учкан аял 2010-жылдын 6-ноябрында Үрүмчү шаарындагы аэропорттон сумкасындагы 7 килограммдан ашуун маңзат менен кармалган эле. Андан кийин соттун чечими менен ал өлүм жазасына тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
Апасына кат жазыптыр бутума 3 кг темир кийгизип койгон 25-кг аарыктап кеттим чачым апамдыкындай апппак деп.4 баласы бар экен үйлөп турмушка бериңиздер кийимдеримди сиңдиме бериңиздер деп күйөөсүнү үйлөнүп алсын мен ыраазымын депдазыптыр
жарандары иштеп жатышат.
Айланайын ушу карапайым эл
билген нерсени кантип тиешелуу
органдар билбейт.Паспорттору
жок кээ бир компанияда кытайлар иштеп жатышат.
Жонотушсун ошолорду да мекенине. Отуп кеткен жараныбыздын жайы жанната болсун.
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.