super.kg logo
  Спорт  

Футзал боюнча улуттук курамабыз дүйнөлүк рейтингде 40-орунду, Азиянын рейтингинде 7-орунду ээледи

 

Футзал боюнча улуттук курам дүйнөлүк рейтингде 40-орунду ээледи. Рейтинг 22-февралда жаңыланып, курамабыз 7 орун алдыга жылды (буга чейин 47-орунду ээлеп келген). Ал эми Азия чөлкөмүнүн рейтингинде курамабыз 7-орунду ээлеп турат (буга чейин 6-орунду ээлеп келген). Бул тууралуу рейтинг менен алектенген сайттардын бири кабарлады.

Кошумчалай кетсек, 21-февралда Өзбекстандын Ташкент шаарында футзал боюнча Азия чемпиондугу аяктады. Мелдештин финалында Иран курамасы Өзбекстанды утуп, чемпион аталды.

Кыргыз футзалчылары мелдештин чейрек финалында Иран курамасына утулуп калышкан (7:0 эсебинде). Кийин Ирак, Австралия жана Япония курамалары менен 5-орунду талашкан (5-орун ээси Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алмак). Жыйынтыгында футзалчыларыбыз Япония курамасын утушканы менен, (6:2 эсебинде) Австралия курамасына утулуп (3:1 эсебинде), Дүйнө чемпиондугуна чыга албай калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.02.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик ушинтип башталат. Алга Кыргызстан.✊✊✊
22.02.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура! Алга!
22.02.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы дүйнөдө 40-орунду ээлөө Кыргызстан үчүн эң жакшы жаңылык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: