super.kg logo
  Спорт  

Болгарияда өткөн муз үстүндөгү бий боюнча мелдеште кыргыз кызы Медина Кутманова коло медалга ээ болду

 

Болгарияда өткөн Эл аралык "Sofia Trophy" муз үстүндөгү бий мелдешинде Медина Кутманова коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

2016-жылдын 11-февралында Болгариянын София шаарында Эл аралык “Sofia Trophy” муз үстүндөгү бий мелдеши өткөн. Бул мелдешке дүйнөнүн 27 мамлекетинин спортчулары катышкан. Кыргыз Республикасынын атынан Медина Кутманова барып, бардык топтогон упайларынын жыйынтыгы менен коло медалга ээ болду.

Маалыматка ылайык, Медина Кутманова мурун дагы көптөгөн муз үстүндөгү бий мелдештерине катышып келген. 2014-жылдын мартында Казакстанда өткөн Азия мамлекеттеринин ортосунда болгон “Муз үстүндөгү бий” мелдешинде да 3-орунду алган. Ошондой эле 2015-жылдын декабрында Кыргыз Республикасында өткөн мелдеште 1-орунга ээ болгон. Ал 5 жашынан баштап аталган спорт түрү менен машыгып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
22.02.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан кубандырат! Коншу мамлекеттерден калышпайт экенибизге кубанып жатам. Бизде муз устундо бий жок деп ойлочу элем
22.02.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
красавица.. негизи баланын талантуу болуп осушу ата энеден.. кичинесинен кружокторго берип койсо жакшы экен..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: