super.kg logo

Январда бюджеттер аралык трансферттер 176 миллион сомдон ашуун суммада каржыланды

 

Үстүбүздөгү жылдын январь айында бюджеттер аралык трансферттер боюнча республикалык бюджеттин чыгашасы 176 миллион 600 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Көрсөтүлгөн мезгилде теңдештирүүчү гранттар 134 миллион сом көлөмүндө каржыланса, республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар 42 миллион 600 миң сомду түздү. 2016-жылга теңдештирүүчү гранттардын жалпы көлөмү 1 миллиард 609 миллион 300 миң сом суммасында бекитилген.

“Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан теңдештирүүчү гранттар, биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, медикаменттер, жөлөк пулдар) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого жумшалууга тийиш.

Теңдештирүүчү гранттар – туруктуу социалдык-экономикалык абалды сактоо максатында минималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: