Бишкекте 295 миң сомдук курулуш материалдарын уурдоого шектелип 21 жаштагы шаар тургуну кармалды

Борбор калаада жалпы суммасы 295 миң сомдук курулуш материалдарын уурдоого шектелген адам кармалды. 22-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришкендей, милицияга арыз менен 36 жаштагы К.Ж. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар 12-15-февраль аралыгында курулуш аянтчасынан жалпы суммасы 295 миң сомду түзгөн курулуш материалдарын уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 21 жаштагы А.А. кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.