super.kg logo

Акыйкатчы: "Кулчулукта жүргөн" делген 22 жаштагы Урматтын кулчулукта болгону такталган жок"

 

Ички иштер министрлигинин "22 жаштагы Урмат убактылуу кармоочу жайда бир күн да кармалган эмес" деген билдирүүсү чындыкка жатпайт. Бул тууралуу КРнын Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыйкатчынын Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгү 22 жаштагы жигиттин кулчулукта кармалганы тууралуу окуянын болгон жерине барып таанышып келди. Мындан тышкары Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Урмат аттуу жигит менен жолугуп келишти.

"Урмат менен пикир алышуу учурунда анын кулчулукта болгону такталган жок. Анын сөзү боюнча, 2014-жылдын июнунан 2015-жылдын октябрына чейин Тоң районундагы Ак-Сай айылында Доку аттуу кишиде иштеп, иштегени үчүн 6 миң сом жана бир эчкинин этин алган. 2015-жылдын октябрынан 2016-жылдын 10-январына чейин Каракол шаарында Руслан аттуу адамдын үйүндө иштеген. Ал жакта 1 ай иштеп, жакын арада эле тааныш болгон Саяк, Нурбек деген балдар менен Нарынга иш издеп кетишкен. Ал жерден Нарын облустук укук коргоочу органынын “Селсаяк” операциясынын негизинде кармалган",- деп айтылат маалыматта.

Урматтын сөзү боюнча, ал Сыркөз аттуу адамды билбегени маалым болду. Ал адегенде өзүнүн дос балдарынын басымы астында укук коргоочу органдын кызматкерлерин адаштыруучу көрсөтмө берген.

"Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын "22 жаштагы Урмат убактылуу кармоочу жайда бир күн да кармалган эмес" деген билдирүүсү чындыкка жатпагандыгын белгилеп кетүү зарыл. Урмат биринчи кармалган күнү, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери келгенге чейин эле Тоң райондук ИИБинин убактылуу жайында кармалган. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери келгенден кийин Урматты Тоң райондук ИИБинин мейманканасына убактылуу жайгаштырган. Анын ден соолугунун абалы канааттандырарлык",- деп билдирет Акыйкатчы институту.

Пикир алышуу учурунда 22 жаштагы Урматка Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан моралдык, юридикалык жардам көрсөтүлгөнү да айтылды. Мындан ары укук коргоочулар ага паспорт жана ишке орношуу үчүн зарыл болгон документтерди алууга жардам бермекчи.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан Урматтын кылмышка катышы бардыгы же жоктугу такталып жатат. Бардык окуялар такталгандан кийин укук коргоочу органынын кызматкерлери аны бошотмокчу.

Бул окуя акыйкатчы Кубат Оторбаевдин жеке көзөмөлүндө турганы да баса белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
23.02.2016. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2014-жылдын июнунан 2015-жылдын октябрына чейин Тоң районундагы Ак-Сай айылында Доку аттуу кишиде иштеп, иштегени үчүн 6 миң сом жана бир эчкинин этин алган. 
Кулчулук эмей эмне?
23.02.2016. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1 жыл 4 ай иштеп 6 мин сом бир эчкинин этин алыптыр
23.02.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жогорудагы аталган адам Сыркоз эмес Суркоз.Анын колунан баары келет.Иликтеп барган кызматкерлерди ал бат эле жайгарып коет.Балким ишти ушундай жол менен туздоп койду болуш керек.
23.02.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
урматтуу супер инфо, силерден сураныч бул окуяны озунуздор да иликтеп корсонуздор окуя башкача болушу мумкун, анткени Боконбаев айылында Суркоз деген коркунучтуу адам бар. Сырт ороонундо, малын санай албай калган, бирок адамдарга жакшылыгы жок неме, анын аты аталып жаткандан кийин бир нерсе болушу мумкун.
23.02.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба.Суркозду тааныйм.сыртта малы абдан коп.Суркоз жакшы деген бир жан жок.козу тушкон малды алмайын жаны тынбайт дейт.мингич аты 70.анан калганын айтпай эле коеюн.озу жапжаш эле байке бирок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: