Түштүк Кореяда бир убакта 3 миңдей түгөй баш кошту

Түштүк Кореяда болжол менен 3 миңдей түгөй массалык түрдө баш кошту. Алардын баары "Мун" аттуу корей сектасынын мүчөлөрү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Баш кошкондордун көбү бир нече күн мурун гана таанышышкан. Жубайлар бири-бирине сектанын башкармалыгынын тандоосу боюнча баш кошушкан. Массалык үйлөнүү бул секта үчүн мүнөздүү жана ал 1960-жылдардан бери өткөрүлүп келет. Мунизм Сан Мен Мун тарабынан 1954-жылы негизделген. Мун 2013-жылы 92 жашында каза болгон. Мунизм тоталитардык секта болгондуктан, ага көп өлкөлөрдө тыюу салынган.
Түштүк Кореяда массалык баш кошуу үлпөтү өттү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Ар бир адам бактылуу болууга милдеттуу