super.kg logo
  Спорт  

Футзал ассоциациясынын президенти Канат Маматов: "Улуттук курамабыз зал, мамлекеттин колдоосу жок болсо да Азия чемпиондугунда ийгилик жаратты"

 
Канат Маматов улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Андрей Полховский менен...
Азия биринчилигине Азиянын алдынкы 16 командасы катышты.
Канат Маматов жана футзал боюнча улуттук курама команда
Канат Маматов жана футзал боюнча улуттук курама команда
Футзал боюнча улуттук курама команда Иран менен болчу беттеш алдында...

"Футзал боюнча улуттук курам Ташкентте өткөн Азия чемпиондугунда континенттин учурдагы чемпиону Японияны утуп, сенсация жаратты. Бул жеңиши менен улуттук курамабыз Япония, Сауд Арабиясы, Катар, Кытай, Иордания, Малайзия сыяктуу экономикасы дүркүрөп өнүккөн мамлекеттерди артта калтырды",- деген оюн айтты Кыргыз Республикасынын Футзал ассоциациясынын президенти Канат Маматов.

Анын айтымында, учурда Азия чөлкөмүндө Кыргыз Республикасынан башка бардык мамлекеттер футзалды өнүктүрүүгө ири суммадагы каражаттарды сарптап, чет элдик машыктыруучуларды, оюнчуларды алып келишүүдө. Аларга көп суммадагы айлык акы төлөп жатышат жана залдарды курушууда.

"Дээрлик бардык мамлекеттер футзалды мыкты өздөштүрүштү. Биздин курамабыз мамлекеттен, жеке уюмдардан колдоо таппаганына карабай, эл аралык стандартка жооп берген зал жок экенине карабай Азия биринчилигинде ийгиликке жетишти. Кыргызстан Республикасы биринчиликке катышкан мамлекеттердин ичинен эл аралык мелдеш өткөрүүгө залы жок жалгыз курама болсо керек. Салыштырып караганда Тажикстанда 3 зал бар, андыктан биз улуттук курам менен сыймыктанышыбыз керек",- дейт К.Маматов.

Ошондой эле ассоциациянын жетекчиси башкы машыктыруучу Андрей Полховскийдин дарегине мактоо сөздөрүн айтты. "Машыктыруучубуз 2015-жылы футзалдын өнүгүшүнө зор салым кошту жана команданы континент биринчилигине тиешелүү деңгээлде даярдап чыкты. Оюнчуларга, машыктыруучуга жана атайын колдоп келген күйөрмандарга ыраазычылык билдирем",- деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
23.02.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Браво жигиттер. Аракет кылсак албетте кийинки дуйнолук чемпионатка чыгабыз.
23.02.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Браво ребята!Кыргызстан республикасы биринчиликке катышкан мамлекеттердин ичинен эл аралык мелдеш откоруго залы жок жалгыз курама болсо керек.Бул деген ото УЯТ УЯТ!!!Эми ушу созду уккандан кийин жанакы жепжутарлар бир аз болсо да уялыша бекен ээ? Кыргызстандын наамысы учун президентибиз баш болуп жана дагы жуздогон бизнесмендерибиз бар ошолордон суранаарым 10$мин дан баарыныздар чогултсаныздар деле Бишкек менен Ошко международный стандартка жооп беретурган эки спорткомлекс тушуп калмак...
24.02.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zalkarbek.Kg, Кыргызстан республикасы эмес! Кыргыз Республикасы! Экоо таптакыр эки башка маани
23.02.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
10мин$ сиздер учун как семечки болсо керек...
23.02.2016. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качанга чейин ГАЗПРОМ, ФИФА, ЮНЕСКО,ушуга окшогондорду кутуп журоберебиз? Зал куруп беришет деп...
23.02.2016. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АШАнын бийлиги барда мындай иш чараларга көңүл бурулбайт 6 жыл өттү арадан кайра артка кеттик.
24.02.2016. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларга шайлоо болсо болду ошого акчасын чачканды билишет не деп айтарынды билбейсин бардык билимин жеп жутуш учун алган экен да кайран элиме боорум ооруйт
24.02.2016. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоого эмне деген каражат коротушат.Андай партиялар кыйын экен ушул сыяктуу спопттук жай куруп беришсе мамлекеттке чоон салым кошкон болот эле.
28.02.2016. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shailoogo ketken akchany kaira tababy je zal kuraby , oilonsonor .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: