super.kg logo

Каржы министрлигине түрк делегациясы иш сапары менен келди

 

"Кыргыз Республикасынын финансыларын башкаруу маалыматтык системин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү" долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин компетенттүү өкүлдөрү менен консультацияларды жүргүзүү, жумушчу топторду түзүү жана бюджетке, казынага байланыштуу маселелерди изилдөө максаттарында түрк делегациясы бүгүн Каржы министрлигинин астанасын аттады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш планына ылайык түрк делегациясы кыргыз жергесинде үстүбүздөгү жылдын 5-мартына чейин жүрөт. Көрсөтүлгөн мезгилде финансы боюнча түрк адистери өлкөнүн мамлекеттик башкаруу түзүмүн, программалык камсыздоо функцияларын жана техникалык инфраструктураны, бухгалтерия процессин жана мамлекеттик уюмдардын бириндеги чыгашаларды, кирешелер системи жана салыктар системи менен байланышкан техникалык интеграция үчүн муктаждыктарды, жергиликтүү бюджетине тиешелүү болгон аймактык башкармалыкты же облустук казына дирекциясын изилдешет, ошондой эле түрк делегациясы борбордук бюджетти даярдоо процесстеринин, карызды башкаруу процесстеринин, чыгашалар жана бухгалтердик эсеп процесстеринин, жергиликтүү администрация тарабынан бюджетти даярдоо жана ишке ашыруу процессинин, нак акча каражаттарын башкаруу процесстеринин, бюджетти ишке ашыруу процесстеринин, бухгалтердик эсеп жана нак акча каражаттарын башкаруу процесстери боюнча техникалык талаптарды аныктоонун үстүнөн иштейт.

Эске сала кетсек, 2015-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинде министр Адылбек Касымалиев менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин аппаратына караштуу Түрк кызматташуу жана координациялоо агенттигинин Борбордук Азия жана Кавказ долбоорлору боюнча башкармалыгынын башчысы Али Өзгөн Өзтүрк мырзанын жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушуунун жыйынтыгында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыларын башкаруунун маалыматтык системин иштеп чыгуу жана киргизүү" долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: