super.kg logo

Шаардык кызды Кочкор районуна ала качып кеткен жигит менен досу камакка алынды

 

Шаардык кызды Кочкор районуна ала качып кеткен жигит менен досу камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы Керез аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 2015-жылдын 21-декабрында саат 13:30 чамасында Лебединовка айылындагы үйүнүн жанынан белгисиз эки адам күч колдонуу менен аны белгисиз үлгүдөгү унаага салып кеткенин билдирген. Бир нече саат жол жүргөндөн кийин бейтааныш жигиттер аны Кочкор районуна алып келишип, Мирлан аттуу жигитке турмушка чыгууга мажбурлашканын айткан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 14-январь күнү кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Кочкор районунун Мирлан аттуу тургуну кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө кыз менен тааныш эместигин, аны сыртынан байкап, көптөн бери жактырып жүргөнүн айткан. Ошол себептен улам жабырлануучуну өз айылына ала качып, ага үйлөнгүсү келгенин билдирген. Аталган кылмышка катыштыгы бар деп Мирланды коштоп барган Кайрат аттуу жигит да камакка алынган. Кылмышка шектүүлөргө карата “аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

Кылмышка шектүүлөрдүн күнөөсү аныкталса, 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(16)
23.02.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ии байкуштар акталып эле кетишсин суйлошуп эле жакшынакай уйлонбойбу
23.02.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ала качууну салт деп жанылып жатышат.Мурда болгон алып качуу,кыздын макулдугу менен гана.Кыз жакшы кылыптыр арыз жазып.2 жыл мурун тааныш кызымы да айылдан алып качып,жыгылып омурткаларын кокустаткан,эч жакка кайрылбаган.Азыр окунот,ушул убакка чейин белим деп даарыланып журот.
23.02.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Күнөөлүү жазасын алсын.
23.02.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2 ай жашаптыр жашай бербейби дальше
эми арыз жазбай

өзгөртйпсүңөр аа,мен да өзгөрттүм анда :)
warsaw. түзөттү 2016-02-23 17:37:36
23.02.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой кокуй ала качпай эле суйлошуп албайбы. Азыр сотко берет антсе. Бирок ал жашаганбы? Эмнеге декабрь айынан бери эми чыгып атат. Тушунбодун.
23.02.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин шаарда жашап иштеген Досторум бар Нарындык аларда салткодейм айылдан шаарга уйлонгону кыз издеп келет, Андайда кантип жашайт бирдекиде борбогон билбеген адам менен. Бул корунуш жапайчылык башка елге Пазор Уят.
23.02.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нарынга эч ким тийбесе анан корей кыздарга уйлонуго тура келип жататда
23.02.2016. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Еркек болгондон кийин Барып жакшына еле суйлошуп мага турмушка чык деп еле албайбы. Макул болбосо аракет кыл. Вобще еле болбой койсо башкасын изде. Ушул алып качкандардын колунан ечнерсе келбейт кыздын конулун ала албайт.
23.02.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыздын конулун алсан Нарын емес Африкагада барат сени менен. Алып качып кыйналбайсын озу ерчип барат
23.02.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Анара эмесмин,Анара эмесмин дебептирда.
23.02.2016. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдарды соттобош керек.2 ай жашаса жалган айтат кыз мажубурлады деп.Эки айдан бери эээн талаада алып жургонсуп эми арыз таштайт ошондо сразу неге таштабады
24.02.2016. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бала Жакшы коруп калса не кылсын, акталыш керек
24.02.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыз жашаган эмес, ал кайра шаарга келген. Балдардын туугандары суйлошуп, тосмо арыз жазып бергиле коп убакыт чуркаптыр бирок кыз болбой койгон. Ошон учун ала качпагыла жигиттер, куйоого тием деген кыздар коп эле, айлананы жакшылап карагыла.
24.02.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Прикольно ала качкандар азыр да бар экен да .
24.02.2016. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
акталсын
25.02.2016. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Макулдугу жок ала качкандар жазасын алсын! Малга окшотуп тыгып,ыргытып ала качуу бул жапайычылык! Законду дагы кучотуу керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: