super.kg logo

Москва облусунда "өз мекендешин өлтүрдү" деген шек менен Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды

 

Москва облусунда "өз мекендешин өлтүрдү" деген шек менен Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Муну бүгүн, 23-февралда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 16-февраль күнү Ивантеевка шаар аймагынын Пушкин районундагы батирден адамдын жансыз денеси табылган. Каза тапкан адам Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 21 жаштагы тургуну М. уулу Мунарбек экендиги аныкталган. Бул факт боюнча ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлүп, окуянын чоо-жайы аныкталган: 16-февралда өлтүрүлгөн бала менен Жумабек аттуу жигит спирт ичимдиктерин ичишкен. Алардын ортосунда чатак чыгып, Жумабек таанышын бычактап салган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден каза тапкан.

"Аталган кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 20 жаштагы тургуну С.Жумабек кармалып, камакка алынды. Факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүүдө",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.02.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаштарга не жок деймда жинди сууду ичип.
23.02.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызга душмандын кереги жок, озубузго озубуз эле кылабыз ...
Бир жагынан "патриоттор" кыздарга асылат, ошол азер, өзбек, таджике айта албай бетине, экинчи жагынан оздору бычактап, кайдайгы жок "скинхедтерге" шылтап...
24.02.2016. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул убакытка чейин арак ичип пешенисине мууз чыккан адамдарды корбодум Арак ичпей эле койгулачы ботон элде ботон жерде колдон келсе пивода ичпей эле койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: