Чемпиондор Лигасы: "Бавария" жана "Ювентус" футболдук клубдары 2:2 эсебинде тең ойношту, "Арсенал" болсо "Барселонага" утулуп калды





















24-февралга караган түнү Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычынын алкагында 2 футболдук беттеш орун алды. Италиялык "Ювентус" өз үйүндө Германиянын чемпиону "Бавария" менен тең эсепте ойносо, "Барселона" конокто "Арсеналды" утуп алды. Бул күнкү беттештердин жыйынтыгы менен "Ювентус"- "Бавария" беттешинде кийинки турга кайсы команданын чыга турганы жооптук беттеште белгилүү болмокчу. Ал эми конокто жеңишке жетишкен "Барселона" кийинки баскычка олуттуу кадам таштаганын айтсак болот.
"Ювентус" (Италия) - "Бавария" (Германия) - 2:2
Голдор: Дибала (63-мүнөттө), Стураро (76-мүнөттө) - Мюллер (43-мүнөттө), Роббен (55-мүнөттө)
"Арсенал" (Англия) - "Барселона" (Испания) - 0:2
Голдор: Лионель Месси (71-мүнөттө), Лионель Месси (83-мүнөттө, пенальти)
Бул командалардын ортосундагы жооптук беттеш 16-мартта орун алат.
Чемпиондор Лигасы. "Ювентус" (Италия) - "Бавария" (Германия) - 2:2
Чемпиондор Лигасы 2015-2016. "Арсенал" - "Барселона"









1 |