Кыргыздын ала кийизи менен шырдагына ЮНЕСКО сертификат берди



Кыргыз элинин ала кийизи менен шырдагы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине расмий түрдө кошулду. Муну далилдеген сертификатты Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковго ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова Париж шаарында тапшырды. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Карганбек Самаков аталган уюмдун башчысы менен жолугушуу учурунда "Манас" үчилтигин да материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизүү сунушталып жатканын айтып, эпостун кыргыз эли үчүн мааниси чоң экендиги боюнча маалымат берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

