ӨКМ: "Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн"
21-марттан 25-мартка чейин күндүн жылуу тартышына жана жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу
райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. ӨКМ билдиргендей, көчкү түшүү коркунучу бар аймактар төмөнкүлөр: Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдары,
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдары,
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымы, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа
жолунун 62-100-чакырымы. Аталган аймактарда жол жүргөн айдоочуларга унаалардын
ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону аталган министрлик эскертет.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

