Борбордогу базарлардын биринен 67 килограмм эт уурдоого шектелип 21 жаштагы жигит кармалды

Борбордогу базарлардын биринен 67 килограмм эт уурдоого шектелип 21 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 49 жаштагы И.М. аттуу аял кайрылган. Анда ал "Дордой-Моторс" базарындагы эт сатуучу бөлүмдүн эшигин белгисиз адамдар талкалап кирип, 67 килограмм этин уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында аймактык милиция кызматкерлери тарабынан 21 жаштагы С.Т. аттуу жигит кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

"Эт уурдап жеген-бир тууганындын этин жегенге барабар" дечу эле аталарыбыз.