super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: “Келдибековдун негизги айыбы - Жогорку Кеңештин чечимин бурмалаганы"

 

Жакында "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев экс-депутат Ахматбек Келдибековго ачылган кылмыш иши боюнча сотто күбө катары көрсөтмө берди. Текебаев сотто Келдибековду "Жогорку Кеңештин чечимин бурмалады" деп айыптап, ошол эле учурда экс-спикердин окуясы актуалдуулугун жоготконун билдирди. Айрым ММКларда "Текебаев Келдибеков парламент өкүлчүлүгүн ачууда өз кызыкчылыгын көздөбөгөнүн айтты" деген маалымат жарыяланган. "Ата Мекендин" төрагасы буга кошулбайт.

"2010-жылдын 29-декабрында Келдибеков "Санкт-Петербургда Жогорку Кеңештин өкүлү бар, анын алдында 1-2 эле адам бар экен, ага дагы 3-4 адам кошуп берип, макамын бекемдеп, анын мүмкүнчүлүгүн көтөрөлү” деп демилгелеп чыкты. Аны Жогорку Кеңеш, ошонун ичинде мен дагы бир добуштан колдоп бердик. Бирок Келдибеков Жогорку Кеңештин башка токтомун түзүп, Москвага “Атайын өкүлчүлүк” деген институтту ачат. Өкүлчүлүккө 2011-жылы 10 миллиондой сом бөлүнсө, 2012-жылы 29 миллион сом акча каралган. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери Москвага барбай эле Бишкекте жатып айлык алып турушкан. Мен 2016-жылдын 18-февралында сот процессине барып так ушул жагдайды айтып бердим.

Жогорку Кеңеш бир маселе боюнча чечим кабыл алса, Келдибеков аны кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүм билемдик менен башка чечим менен алмаштырып койгон. Максаты партиялашына майлуу-сүттүү орун түзүп берүү болгон. Сотто мына ушуну айтканга туура келди",- деди Текебаев.

"Ата Мекендин" лидери: "Окуядан бери 4 жыл өтүп, мурункудай актуалдуулугун жана курчтугун жоготту. Экинчиден, Келдибеков ооруп көп дарыланды, мурункудай саясий таасиринен ажырады, депутат эмес. Ошондуктан коомго коркунучу жок. Муну айтпай кетсем мен тараптан адилеттүүлүк болбой калат",- деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: