Бишкекте "интернет-клубдардын биринен 10 миң сом уурдаган" деген шек менен 2 жигит кармалды
Бишкек шаарында "интернет-клубдардын биринен 10 миң сом уурдаган" деген шек менен 2 жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы Ш.З. кайрылган. Ал саат 16:00 чамасында борбордогу интернет-клубдардын биринен белгисиз адамдар 10 миң сом акчасын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 18 жаштагы С.М. жана К.У. аттуу жигиттер кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.