super.kg logo

Салыкчылар бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алышууда

 

Республиканын аймактык салык органдары бирдиктүү салык декларациясын эртең мененки саат 9дан тартып түн ортосуна чейин күчөтүлгөн режимде кабыл алып жатышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Салык төлөөчүлөргө декларация тапшырууда толук жана ар тараптан көмөк көрсөтүү максатында нөөмөт уюштурулган. Айрыкча 29-февралга чейинки мезгил ичинде, ошондой эле 22-марттан тартып 31-мартка чейин майрам жана дем алыш күндөрдү кошкондо саат 09:00дөн 24:00гө чейин иштөөдө. Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18:00дөн кийин тапшыра алышат.

"1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар 2015-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчёт берүүлөрү керек. Демек, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү. 1-апрелге чейин мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай тилкелеринен башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырган дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларацияларын тапшырууга милдеттүү. Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат",- деп эскертет Мамлекеттик салык кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.02.2016. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай тилкелеринен башка) бар жеке жактар,
демек баардык уйу машинеси барлар декларация тапшырышы керекпи.
25.02.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lenin, туура айтасыз, автосу, үйү бар болсо, декларация берүүгө милдеттүү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: