Борбордо "кайчы менен коркутуп уюлдук телефонун тартып алган" деген шек менен Чүй облусунун тургуну кармалды
Бишкекте "кайчы менен коркутуп уюлдук телефонун тартып алган" деген шек менен Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 26 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 23-февраль күнү саат 17:30 чамасында Чүй жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз аял кайчы менен коркутуп, уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 27 жаштагы И.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.