Бишкекте "күч колдонуу менен тоногон" деген шек менен 20 жаштагы шаар тургуну кармалды

Бишкекте "күч колдонуу менен тоногон" деген шек менен 20 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 19 жаштагы Т.Т. кайрылган. Анда ал белгисиз адам
И.Ахунбаев көчөсүнөн түнкү саат 00:30 чамасында күч колдонуу менен уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы У.О. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.