Бишкекте Сауд Арабия таануу жана маданият борборунун салтанаттуу ачылышы болду (фоторепортаж)















Бүгүн, 25-февралда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Сауд Арабия таануу жана маданият борборунун салтанаттуу ачылышы болду. Ачылыш аземине Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Бишкекте аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөр, маданияттын, илимдин жана билим берүүнүн ишмерлери, эл аралык уюмдар жана жогорку окуу жайларынын студенттери катышышты.
Бул борбордун ишинин негизги максаты – кыргыз жергесинин коомчулугу үчүн Сауд Арабиянын ар кыл чөйрөлөрдөгү маалыматтык ресурстарына жол ачуу, анын руханий мурастары, жетишкендиктери, бай илимий жана маданий потенциалы менен тааныштыруу жана араб тилин үйрөнүүгө жардамдашуу болуп саналат.
Сауд Арабия таануу жана маданият борбору КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Сауд Арабия Падышачылыгынын кыргыз жергесиндеги элчилигинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн натыйжасында элчиликтин 60 миң АКШ долларлык каржылык колдоосу менен ишке ашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
Kasha03

25.02.2016. 14:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борбордун ичи аябай кычырап жасалыптыр
MuslimNur95

25.02.2016. 15:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы соонун болуптур сауд арабия менен мамилени жакшы кылыш керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.