super.kg logo

Өкмөттүн 2015-жылдагы иши жана 2016-жылкы планы Ошто талкууланды

 

Бүгүн, 25-февраль күнү Ош шаарында өкмөттүн 2015-жылы аткарган жана 2016-жылы аткарылуучу
иш-аракеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча активдин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, КРнын бардык тармактар боюнча министрлери, шаардагы
мекеме-ишканалардын, облус жана райондордун жетекчилери катышты.

"КРнын Экономика министри Арзыбек Кожошев жолугушуунун максаты жергиликтүү ишкерлер менен жолугуп, жер-жерлерде болуп жаткан көйгөйлөрдү угуп, айтылган маселелерди жетекчилер, коомдун активдери менен бирге талкуулоо экенин билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер бардык тармактар боюнча 2015-жылы аткарылган жумуштар жана 2016-жылы аткарыла турган иш-пландар тууралуу маалымат беришти. Катышуучулар өкмөт мүчөлөрүнө жазуу жана оозеки түрүндө суроолорун беришип, тиешелүү жоопторун алышты",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.02.2016. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жер жкрлердеги көйгөйлөрдү укканынар менен ал жерден 7 метр алыстагандан кийин унутасынар не кыласынар угуп убактынарды ктирип бир нерсени чечбегенден кийин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: