Эрежесиз эр уруш. Атаандашы жаракат алып калган Конор Макгрегор эми Нейт Диас менен беттешмей болду
5-мартта АКШда эрежесиз эр уруш боюнча UFC-196 мелдеши орун алат. Бул күндүн башкы беттеши катары айтылган Рафаэль дос Аньос - Конор Макгрегор беттеши болбой калганын жазганбыз. Буга Рафаэль дос Аньостун машыгуу учурунда жаракат алганы себеп болгон.
Уюштуруучулар Конор Макгрегорго атаандаш издеп табышты. 5-мартта анын атаандашы америкалык Нейт Диас болмокчу. Беттеш 74 килограмм салмак категориясында орун алат.
Кошумчалай кетсек, бул мелдеш алкагында ушул күнү кыргыз жеринен чыккан атактуу спортчу Валентина Шевченко да кезектеги беттешин өткөрөт. Ал 62 килограмм салмактык бөлүктө бразилиялык Аманда Нунез менен беттешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Азырынча ал боюнча маалыматыбыз жок.