super.kg logo

Теолог: "Шарият боюнча алгач нике кыйылып, андан кийин каттоого баруу керек"

 

“Шарият боюнча алгач нике кыйылып, андан кийин каттоого баруу керек”,- деди теолог Абдышүкүр Исмаилов бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталып жаткан Үй-бүлө жана
Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкууда. Муфтияттан билдиришкендей, талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, муфтияттын өкүлдөрү катышты.

Алгачкы сөздү депутат Аида Салянова баштап, мыйзам долбоору менен тааныштырып, андагы сунушталган маселелерди айтып өттү. Ал эми Чубак ажы Жалилов сунушталган мыйзамда алгач үйлөнүп жаткан кыз-жигит, ата-энеси жана жакындары жооптуу болушу зарыл экенин эске алууну кошумчалады.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология факультетинин өкүлү бул көйгөйдү чечүүнүн оңой жолун атады. "Айыл жеринде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып, көйгөйдүн чечүү жолун тапса болот. Буга убакыт керек. Биз пайгамбарыбыз көрсөткөн тартипти бузбашыбыз керек. Бир катар талаш-тартыш маселелер ушундан жаралууда",- деди ал.

Ал эми муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов шариятта зордук менен никеге өтүү чоң күнөө экенин айтты. Ал даярдалып жаткан мыйзамдын кээ бир жерлерине тактоолорду киргизүү керектигине токтолуп, адамдардын жашоосуна ыңгайлуулуктарды түзүп берүү зарылдыгын айтты.

Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Тажидин ажы Байтейитов никеде теңдик болуусу керектигин белгиледи. "Нике - бул ант. Никеде теңдик болуу керек. "Нике" деген сөздү кыргыз эли кылымдардан бери түшүнүп келген. Айыл өкмөттөрү менен жергиликтүү имамдар биргеликте иш алып барышса, көйгөй чечилет",- деп айтты Байтейитов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
25.02.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Теолог туура айтат.
25.02.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куболукту алгандан кийин никеде терс жыйынтык чыгып калса. Проблема болот куболук
25.02.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Никем бар дегендер көбөйүп кетти,бирөөсүнүн аялы бар,бирөсүнүн күйөөсү бар туруп да көңүлдөштөрү м.н нике кыйдырып алышат.
26.02.2016. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Минус бассанар минус баскыла туугандар телог туура эле айтыптыр.
26.02.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кеңешип бир пикирге келгениңер жакшы болот. Себеби кээ бир адамдардын жоопкерсиздигинен нике кыюуга да мамлекеттик каттоого да туура эмес пикирлер айтылууда.Мисалы,1)Кээ бирөө нике кыйдырып коюп, ЗАГЗга барбай жүрө беришет, кийин балалуу болгондон кийин ажырашып кетишсе, аялы алимент ала албай калат.2)ЗАГЗга барып, анан нике кыйдыралы дешсе, ЗАГЗда иштегендер дароо күбөлүк беришпейт,2ай чогуу жашап, бири-бириңерди жакшы таанып келгиле дейт.Муну менен алар зынаа кылгыла деп айткысы келип жатат же 2ай үйлөнбөгүлө дешүүдө.
sabirdinovich түзөттү 2016-02-26 12:06:24
26.02.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нике кыйып алып эле балалуу болуп алып, анан алимент ала албай, балдардын укугу тебеленип жатат. Эркектерге ыңгайлуу албетте, балдарды ойлогон эч ким жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: