super.kg logo

МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткен айдоочyнун иши боюнча сот 1-мартка дайындалды

 

МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткен Адилет Максүтовдун иши боюнча сот 1-мартка дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда SUPER.KG порталына Свердлов райондук сотунун канцеляриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук кароону Свердлов районунун судьясы Рустам Саткымбаев карайт.

Буга чейин маалымдаганыбыздай, МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткен 22 жаштагы Адилет Максүтов 1-февраль күнү 10 суткага СИЗОго камакка алынган. Кийин Свердлов райондук соту анын баш коргоо чарасына байланыштуу маселени карап, аны үй камагына чыгарган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "кылмыш далалаты" жана "укук коргоо органынын кызматкеринин же аскер кызматкеринин өмүрүнө кол салуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Айта кетсек, 28-январь күнү интернетке айдоочу унаасынын капотунда Жол-кайгуул кызматынын кызматкерин сүйрөп жүргөнү тартылган видео тараган. Анда айнектери караңгылатылган унаанын айдоочусу капотундагы МАИ кызматкерине карабай ылдамдыгын бирде жогорулатып, кайра жайдан айдаганы көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
25.02.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1-чи мартка чейин Кыргызстанда болобу озу айыпталуучу!
25.02.2016. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Закон деген бар сыйлаш керек болбосо не болот эле
25.02.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлобой суйлогон оорувай олот
26.02.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МАИчи секирип чыгып тозсо керек да анан жини келип айдагандыр, Биздин МАИчлерде да куноо бар да бирок мыйзам чегинде жооп бериш керек.
27.02.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка бир байкуштун баласы болсо СИЗОго жабып, он жыл берип салмак.
27.02.2016. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошону эстесем эле кулкум келе берет,эл да тажады да жашынып алып чыга калып тоскондон,эптеп эле шылтоо тапмай
27.02.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир чондун баласыда иш жабылды калды акча берет сотко уй камагынан нары азаттыкка чыга кетет баш орутуп не пайда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: