super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Социалдык өнүктүрүү министрлиги социалдык долбоорлорго сынак жарыялады

 

КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги социалдык долбоорлорго сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Негизги темалар: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо борборлорун колдоо, оор абалдагы үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүүчү борборлорун колдоо, балдарды асырап алуу боюнча Ош жана Бишкек шаарларында ресурстук борборлорду ачуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана кары-картаңдарга жардам көрсөтүүчү коомдук уюмдарды колдоо. 

Айта кетсек, долбоорлорду ишке ашырууга 1-2 жыл берилет жана бөлүнчү гранттык каражаттын суммасы 120 миң сомдон 1 миллион сомго чейин болот. Сынактын катышуучулары коммерциялык эмес мекемелер жана  жарыяланган сынактык программанын алкагында 1 жылдан кем эмес иштегендер болушу шарт. Долбоорлор 20-марттан 30-апрелге чейин министрликтин имаратында, тактап айтканда, Бишкек шаарындагы Тыныстанов көчөсү-215 дарегинде кабыл алынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: